Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 356
Терек-Сай айыл аймагында жашаган тургундарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын карамагындагы айылдарда жашаган тургундардын: Терек-Сай айылынын тургундарына Эшбаев Нурланга ден соолугуна, Ашырбаев Эдилге турмуш шартына, Эсенгулова Айгүлгө турмуш шартына, Алишер кызы Делбиримге ден соолугуна, Ак-Терек айылынын тургундары: Колесникова Маринага баласын дарыланууга алып барууга, Алимбеков Умөткулга ден соолугуна, Болуш айылынын тургуну Жуманалы уулу Орозалыга турмуш шартына, Кызыл-Токой айылынын тургундары: пенсионер Барпиев Касымбекке ден соолугуна, пенсионер Орозбаева Канарга жашоо шартына байланыштуу материалдык жардам берүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын карамагындагы айылдарда жашаган тургундарга: Терек-Сай айылынын тургундары: Эшбаев Нурланга ден соолугуна байланыштуу 30 000 (отуз миң) сом, Ашырбаев Эдилге турмуш шартына байланыштуу 15 000 (он беш миң) сом, Эсенгулова Айгүлгө турмуш шартына байланыштуу 20 000 (жыйырма миң)сом, Алишер кызы Делбиримге ден соолугуна байланыштуу 40 000 (кырк миң) сом, Ак-Терек айылынын тургундары: Колесникова Маринага баласын дарыланууга алып барууга 20 (жыйырма миң) сом, Алимбеков Умөткулга ден соолугуна байланыштуу 40 000 (кырк миң) сом, Болуш айылынын тургуну Жуманалы уулу Орозалыга турмуш шартына байланыштуу 5 000 (беш миң) сом, Кызыл-Токой айылынын тургундары: пенсионер Барпиев Касымбекке ден соолугуна байланыштуу 30 000 (отуз миң) сом, пенсионер Орозбаева Канарга жашоо шартына байланыштуу 40 000 (кырк миң) сом, жалпы 240 000 (эки жүз кырк миң ) сом акча каражаты 01.01.2023-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек – Сай айылдык
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |