Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 360
Терек-Сай айылындагы кичи футбол аянтчасына керектүү спорттук инвентарларды алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айылында жайгашкан кичи футбол аянтчасына керектүү спорт инвентарларын (топ, перчатка, сетка жана башка) алып берүү жөнүндөгү Терек-Сай айылынын тургуну Коконов Рысдөөлөттүн кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айылында жайгашкан кичи футбол аянтчасына керектүү спорт инвентарларын (топ, перчатка, сетка жана башка) алып берүү үчүн 240 000 (эки жүз кырк миң) сом акча каражаты 01.01.2023-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |