Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 358
Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар эсебине кошумча план суроо жана кошумча суралган планды жумшоо жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына 2023-жылы Швейцариянын Өкмөтү тарабынан каржыланган Хельветас жана Өнүктүрүү Саясат Институту тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору даярдалып, гранттык келишим түзүлүп, макулдашуунун негизинде семинарларды өткөрүү үчүн 18 000 (он сегиз миң) сом акча каражатын кошумча планга койдуруу боюнча Терек-Сай айыл аймагынын жооптуу катчысы М.Көлбаеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айыл аймагында 2023-жылы Швейцариянын Өкмөтү тарабынан каржыланган Хельветас жана Өнүктүрүү Саясат Институту тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбооруна ылайык, гранттык келишим аркылуу макулдашуунун негизинде семинарларды өткөрүү үчүн атайын каражаттар эсебине түшкөн 18 000 (он сегиз миң) сом акча каражаты 701 разделинин 14239400 беренесине кошумча план суралсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы жана кошумча суралган планды максаттуу пайдалануу Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |