Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясынын
2023-жылдын 24-марты № 359
Терек-Сай айылындагы көчөлөрдөгү суу жээктерин бекемдөө жана суу жээгине жакын жашаган үйлөрдүн коопсуздугунун алдын алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылындагы жана Центральный көчөсүндөгү чон суунун жээгин бекемдөөгө, суу жээгине жакын жашаган тургундардын үйлөрүнө кооптуулук жаралып жаткандыктан , суу жээктерин бекемдөө үчүн керектүү материалдарды алып берүү жөнүндөгү Болуш айылынын тургундарынын жана жеке жарандар: Токоев Алтынбектин, Балтабаев Алмазбектин, Качикеев Мураталынын кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылындагы жана Центральный көчөсүндөгү чон суунун жээгин бекемдөөгө, суу жээгине жакын жашаган тургундардын үйлөрүнө кооптуулук жаралып жаткандыктан , суу жээктерин бекемдөө үчүн керектүү материалдарды алып берүү үчүн 286 000 (эки жүз сексен алты миң) сом акча каражаты 01.01.2023-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |