Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 360
Ак-Терек айылындагы спорт залда машыккан балдарды Талас шаарына грек-рим күрөшү боюнча жана Жалал-Абад шаарына эл аралык турнирге алып барып келүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы спорт залдын машыктыруучусу Д.Исмановдун Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Исмаилов Камбардын жаркын элесине арналган жаш өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдешке Талас шаарына жана Жалал-Абад шаарына Эл агартуунун Отличниги, Сузак районунун ардактуу атуулу Стамкулов Икрам Ажынын жаркын элесине арналган эл аралык турнирге алып барып келүүгө акча каражатын карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Исмаилов Камбардын жаркын элесине арналган жаш өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдешке Талас шаарына алып барып келүүгө 30 000 (отуз миң) сом жана Жалал-Абад шаарына Эл агартуунун Отличниги, Сузак районунун ардактуу атуулу Стамкулов Икрам Ажынын жаркын элесине арналган эл аралык турнирге алып барып келүүгө 25 000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты 01.01.2023-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |