Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 361
Чаткал районуна караштуу Сумсар айыл өкмөтүнүн финансылык муктаждыктарына колдоо көрсөтүү жөнүндө
Чаткал районуна караштуу Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ботобековдун финансылык муктаждыктарга колдоо көрсөтүү, эч жактан киреше булагы жок болгондуктан, айыл аймактын бюджетин аткаруу максатында акча каражатын Терек-Сай айыл өкмөтүнүн бюджетинен максаттуу трансферт катары бөлүү зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чаткал районуна караштуу Сумсар айыл өкмөтүнүн финансылык муктаждыктарына колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бюджеттик Кодексинин 78-статьясынын 5-пунктуна жана 95-статьясынын 3,4пункттарына ылайык Терек-Сай айыл өкмөтүнүн бюджетинен максаттуу трансферт катары 4000 000 ( төрт миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |