Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 365
Терек-Сай аймактык ооруканасындагы гинекологиялык таштандыларды таштоого кудук казуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башкы дарыгери Р. Ташбаеванын аймактык ооруканадагы гинекологиялык жана медициналык таштандыларды таштоо үчүн кудук казуу зарылдыгы боюнча акча каражатын карап берүү жөнүндө жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай аймактык ооруканасындагы гинекологиялык таштандыларды жана медициналык таштандылар таштоого 3 (үч) кудук казуу иштерин жүргүзүү үчүн 112 000 ( бир жүз он эки миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |