Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 366
“Келечек” балдар бакчасына балдар ойноочу оюнчуктарды алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Келечек” балдар бакчасынын жетекчиси Ч.Баимбетованын балдарды ар тараптуу аң-сезимин өстүрүү жана күнүмдүк сабактарда колдонуу максатында заманбап оюнчуктардан алып берүү зарылдыгы боюнча жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Келечек” балдар бакчасына балдарды ар тараптуу аң-сезимин өстүрүү жана күнүмдүк сабактарда колдонуу максатында заманбап оюнчуктардан алып берүү үчүн 207 400 ( эки жүз жети миң төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |