Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2023-жылдын 31-марты № 367
“Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчуларына атайын жумушчу кийим алып берүү жөнүндө
“Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Ш.Балтагуловдун жумушчуларга атайын жумушчу кийим жана бут кийим алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчуларына атайын жумушчу кийим жана бут кийим алып берүү үчүн 68 900 ( алтымыш сегиз миң тогуз жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |