Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2023-жылдын 31-марты № 369
Пара-армрестлинг боюнча 20-Азия чемпионаттыгына барып келүүгө колдоо көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын тургуну Ч.Жаркуловдун Дубай-Аджман мамлекетинде 28.04. – 03.05. 2023-жылы боло турган пара-армрестлинг боюнча 20-Азия чемпионаттыгына катышып келүүгө жол акы, жатакана жана виза ачтыруу чыгымдарын каржылоо жагынан колдоо көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагынын тургуну Ч.Жаркуловдун Дубай-Аджман мамлекетинде 28.04. – 03.05. 2023-жылы боло турган пара-армрестлинг боюнча 20-Азия чемпионаттыгына катышып келүүсүнө жол акы, жатакана жана виза ачтыруу чыгымдарын каржылоого колдоо көрсөтүү максатында 100 000 ( жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |