Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2023-жылдын 31-марты № 370
Терек-Сай айыл аймагынын тургундарына материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундарына:Ниязбеков Даниярдын, Сапаралиева Жайнактын турмуш шарттарына, Ак-Терек айылынын тургундарына: Саипов Өмүрбектин апасынын дарылануусуна, Урустемова Замиранын, Мавлянов Уланбектин турмуш шарттарына, Кочкоралиева Катычанын ден соолугуна, Болуш айылынын тургундары:Ботобекова Айнуранын, Багышбаева Фатиманын турмуш шарттарына, Кызыл-Токой айылынын тургундары: Кулбаев Жолдоштун турмуш шартына, Сманова Сайрагүлдүн уулунун дарылануусуна материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылынын тургундарына:Ниязбеков Даниярга турмуш шартына байланыштуу 20 000 (жыйырма миң) сом, Сапаралиева Жайнактын турмуш шартына байланыштуу 20 000(жыйырма миң) сом, Ак-Терек айылынын тургундарына: Саипов Өмүрбектин апасынын дарылануусуна 30 000 (отуз миң) сом, Урустемова Замиранын турмуш шартына байланыштуу 20 000 (жыйырма миң) сом, Мавлянов Уланбектин турмуш шартына байланыштуу 30 000 (отуз миң) сом, Кочкоралиева Катычанын ден соолугуна байланыштуу 20 000 (жыйырма миң) сом, Болуш айылынын тургундары:Ботобекова Айнуранын турмуш шартына байланыштуу 20 000 (жыйырма миң) сом , Багышбаева Фатиманын турмуш шартына байланыштуу 40 000 (кырк миң) сом, Кызыл-Токой айылынын тургундары: Кулбаев Жолдоштун турмуш шартына байланыштуу 20 000 (жыйырма миң) сом, Сманова Сайрагулдүн уулунун дарылануусуна 40 000 (кырк миң) сом, жалпы 260 000 (эки жүз алтымыш миң) сом акча каражаты материалдык жардам катары бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |