Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 371
Погрузчик техникасынын ремонт иштерин жүргүзүүгө керектүү тетиктерди алып берүү жөнүндө
Погрузчик техникасынын ремонт иштерине керектүү тетиктерди сатып алууга акча каражатын карап берүү зарылдыгы боюнча погрузчиктин айдоочусу Ч.Джунусовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Погрузчик техникасынын ремонт иштерине керектүү тетиктерди сатып алууга 150 000 ( бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |