Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 372
Кызыл-Токой айылындагы Лп-Сай, Мечит-Сай жана Тамчы-Сай селканаларын бекемдөө жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы ЛП-Сай, Мечит-Сай жана Тамчы –Сай селканаларын тазалоо, тегиздөө, суу жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүү үчүн таш ташуу,таш тизүү жана башка ушул сыяктуу жумуштарды аткаруу зарылдыгы боюнча Кызыл-Токой айылынын айыл башчысы М.Жолдошбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы ЛП-Сай, Мечит-Сай жана Тамчы –Сай селканаларын тазалоо, суу жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүү үчүн 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |