Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 376
Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин балдар командасын облустук турга алып барып келүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин балдар командасы райондук деңгээлдеги өткөрүлгөн волейбол лигасында 1-орунду алып, облустук турга жолдомо алгандыктан, балдар командасын алып барып келүүгө акча каражатынан жардам берүү зарылдыгы жөнүндөгү мектептин директору Р.Арзыматовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин балдар командасын волейбол лигасы боюнча облустук турга алып барып келүүгө 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |