Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясынын
2023-жылдын 27-апрели № 377
Кызыл-Токой айылынын Тамчы-Сай участкасында жайгашкан эски жуутту калыбына келтирүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын Тамчы-Сай участкасында жайгашкан эски жуутту калыбына келтирип, кайра иштетүү үчүн керектүү материалдарды алууга акча каражатын карап берүү жөнүндөгү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси Н.Смановдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын Тамчы-Сай участкасында жайгашкан эски жуутту калыбына келтирип, кайра иштетүү үчүн керектүү материалдарды алууга 368 000 (үч жүз алтымыш сегиз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |