Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 378
Кызыл-Токой айылындагы ички каналдарды тазалатуу, бетондоо жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын ички каналдарын тазалатуу, бетондоо үчүн 1100 метр жер тилкесине “Бүткүл Дүйнөлүк Азык-Түлүк” программасы тарабынан долбоор жазылгандыктан, курулуш материалдары айыл өкмөтү тарабынан алынып берилсе, ички каналдарды тазалоо иштери ашар жолу менен бүтүрүлүп, кызмат акыларына азык-түлүк бериле тургандыгы жөнүндөгү Кызыл-Токой айылынын айыл башчысы М.Жолдошбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын ички каналдарын тазалатуу, бетондоо үчүн 1100 метр жер тилкесине “Бүткүл Дүйнөлүк Азык-Түлүк” программасы тарабынан долбоор жазылгандыктан, курулуш материалдарын айыл өкмөтүнүн бюджети тарабынан алып берүү үчүн 463 950 (төрт жүз алтымыш үч миң тогуз жүз элүү) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |