Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 379
Кызыл-Токой айылындагы Жаңы кыштак көчөсүндө жайгашкан көпүрөнү оңдоо жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Жаңы кыштак көчөсүндө жайгашкан көпүрөнү оңдоо зарылдыгы жөнүндөгү Кызыл-Токой айылынын айыл башчысы М.Жолдошбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Жаңы кыштак көчөсүндө жайгашкан көпүрөнү оңдоо үчүн 383 650 (үч жүз сексен үч миң алты жүз элүү) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |