Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 381
“Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы ноутбук алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу ”Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын иштетип жаткан ноутбугу эскилиги жетип, аны пайдалануу кыйынчылыктарды жаратып жаткандыктан, жаңы ноутбук алып берүү жөнүндөгү “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Ш.Балтагуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу ”Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын иштетип жаткан ноутбугу эскилиги жетип, аны пайдалануу кыйынчылыктарды жаратып жаткандыктан, жаңы ноутбук алып берүү үчүн 58 000 (элүү сегиз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |