Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 381
Терек-Сай айылынын тургунуна материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургуну Жанболотова Майрамкандын уулунун катуу ооруп жаткандыгына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургуну Жанболотова Майрамкандын уулунун катуу ооруп жаткандыгына байланыштуу 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты материалдык жардам катары бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |