Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 30-сентябры № 12-9
Төөлөс айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-октябрындагы “Айыл аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү максатында, Герейт-Шорон айылынын “Адыр” бөлүмүнөн көрсөтүлгөн 33 гектар жер аянтын, “кайрак айдоо” жер аянттары категориясынан “калктуу конуш” жер аянттары категориясына которууга макулдук берүү” жөнүндөгү № 20-4 жана “Айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бекитилген бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча 2018-жылга бекитилген планына жүргүзүлгөн тактоолордун негизинде тармактарга жылдыруу жөнүндөгү” № 20-3 сандуу токтомдору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” №123 мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктуна ылайык, Төөлөс айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-октябрындагы “Айыл аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү максатында, Герейт-Шорон айылынын “Адыр” бөлүмүнөн көрсөтүлгөн 33 гектар жер аянтын, “кайрак айдоо” жер аянттары категориясынан “калктуу конуш” жер аянттары категориясына которууга макулдук берүү” жөнүндөгү № 20-4 жана “Айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бекитилген бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча 2018-жылга бекитилген планына жүргүзүлгөн тактоолордун негизинде тармактарга жылдыруу жөнүндөгү” № 20-3 сандуу токтомдорун nookat.kg/toolos официалдуу сайтына жарыялоодогу кетирилген катачылыктарды жоюу максатында
токтом кылат:
1. Төөлөс айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-октябрындагы “Айыл аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү максатында, Герейт-Шорон айылынын “Адыр” бөлүмүнөн көрсөтүлгөн көрсөтүлгөн 33 гектар жер аянтын, “кайрак айдоо” жер аянттары категориясынан “калктуу конуш” жер аянттары категориясына которууга макулдук берүү” жөнүндөгү № 20-4 сандуу токтомундагы:
Каттоо номеринде:
- ыйгарылган“20-4” деген каттоо номери “20-3”;
Аталышындагы:
- “33 га жер аянтын” деген сөздөн кийинки “кайрак айдоо” жер аянттары категориясынан “калктуу конуш” деген сөздөр “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери”;
1-пунктундагы:
“Адыр” бөлүмүнөн дегенден кийинки №460-контурундагы 3,44га, №461-контурундагы 29,56га жер аянтын “кайрак айдоо” категориясынан, “калктуу конуш” деген сөздөр №460-контурундагы 4,80 гектар, №461-контурундагы 28,2 гектар жер аянттарын “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери”;
2-пунктундагы:
“Адыр” бөлүмүнөн дегенден кийинки №460-контурундагы 3,44га, №461-контурундагы 29,56га жер аянтын “кайрак айдоо” категориясынан, “калктуу конуш” деген сөздөр №460-контурундагы 4,80 гектар, №461-контурундагы 28,2 гектар жер аянттарын “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” деген сөздөр менен өзгөртүлүп жана толукталып окулсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин “Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төөлөс айылдык Кеңешинин төрагасы: | З. Жороев |