Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 30-сентябры № 12-10
Төөлөс айылдык кеңешинин 2021-жылдын 18-августундагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн Герейт-Шорон айылынын “Адыр” бөлүмүндө жайгашкан 0,63 га жер тилкесин “Таштуу жайыт жерлери” категориясынан “Калктуу конуш жерлери” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндөгү” № 5-11 сандуу токтому жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” №123 мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктуна ылайык, Төөлөс айылдык кеңешинин 2021-жылдын 18-августундагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн Герейт-Шорон айылынын “Адыр” бөлүмүндө жайгашкан 0,63 га жер тилкесин “Таштуу жайыт жерлери” категориясынан “Калктуу конуш жерлери” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндөгү” № 5-11 сандуу токтомун nookat.kg/toolos официалдуу сайтына жарыялоодогу кетирилген катачылыктарды жоюу максатында
токтом кылат:
Төөлөс айылдык кеңешинин 2021-жылдын 18 августундагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн Герейт-Шорон айылынын “Адыр” бөлүмүндө жайгашкан 0,63 га жер тилкесин “Таштуу жайыт жерлери” категориясынан “Калктуу конуш жерлери” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндөгү” № 5-11 сандуу токтомунун:
Аталышындагы:
- “0,63 га жер тилкесин” деген сөздөн кийинки “Таштуу жайыт жерлери” категориясынан “калктуу конуш жерлери” деген сөздөр “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери”;
1- пунктундагы:
“Адыр” бөлүмүндө жайгашкан” деген сөздөн кийин №462-контурундагы 0,48 гектар жана №466-контурундагы 0,15 гектар, жалпысы болуп” деген сөз менен толукталып окулсун;
“0,63 жер тилкесин” деген сөздөн кийинки “Таштуу жайыт жерлери” деген сөз “айыл чарба багытындагы жерлери” жана “калктуу конуш жерлери” деген сөз “калктуу конуштун жерлери” деп өзгөртүлүп окулсун;
Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин “Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төөлөс айылдык Кеңешинин төрагасы: | З. Жороев |