Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 30-сентябры № 12-1
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы мекеме уюм ишканалардын 2022-2023-жылдын күз кыш мезгилине жылытуу иштерине даярдыгы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы мекеме уюм ишканалардын 2022-2023-жылдын күз кыш мезгилине жылытуу иштерин уюшкандыкта өткөрүүнү камсыз кылуу максатында
Т О К Т О М К Ы Л А Т
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы мекеме уюм ишканалардын 2022-2023-жылдын күз кыш мезгилине жылытуу иштерине даярдыгы жөнүндөгү айылдык кеңештин туруктуу комиссиянын төрайымы Н. Бакированын билдирүүсү эске алынсын
Токтомдун аткарлышын жетекчиликке алуу жана 2022-2023-жылдын күз кыш мезгилине жылытуу иштерин уюшкандыкта өткөрүүнү камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго милдеттендирилсин
Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу айылдык кеңештин “Билим берүү жана саламатыкты сактоо ” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төөлөс айылдык Кеңешинин төрагасы: | З. Жороев |