Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 30-сентябры № 12-4
Айыл өкмөтүнүн Парча-Тоо бөлүмүндөгү көчөсүн Төөлөс көчөсү деп атоо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Парча-Тоо бөлүмүндөгү жашаган жашоочулардын арызын канаттандыруу максатында
Токтом кылат
Айыл өкмөтүнүн Парча-Тоо бөлүмүндөгү көчөсү Төөлөс көчөсү деп аталсын.
Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жетекчиликке алуу айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Бакировго жана Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Бакировага милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин “Мыйзамдуулук, этика, мандат, укук, жана дин ” иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: | З. Жороев |