Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 30-сентябры № 12-11
Айыл өкмөтүнүн Айтамга айылындагы «Медресе» ФАПты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Айтамга айылындагы «Медресе» ФАПтын айланасындагы эскилиги жеткен талдарды алып анын ордуна кайрадан мөмөлүү бак дарак тигип көрктөндүрүү үчүн ФАПтын кызматкерлеринин өтүнүчүн канаттандыруу максатында
Токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн «Медресе» ФАПтын айланасындагы эскилиги жетип картайган талдарды кесүүгө жана анын ордуна кайрадан бак отургузуп жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, тийиштүү органдар менен мыйзам чегинде документтерди даярдоо айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакировго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын къзъмъл кылуу жагы айылдык кенештин. «Айыл суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү, энергетика» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төөлөс айылдык Кеңешинин төрагасы: | З. Жороев |