Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 30-сентябры № 12-12
Айыл аймагына караштуу Муркут айылында жайгашкан “К. Жороев атындагы маданият үйүнүн чатырын капиталдык ремонттоо” боюнча долбоорунун өздүк салымы жөнүндө
Айыл аймагына караштуу Муркут айылында жайгашкан “К. Жороев атындагы маданият үйүнүн чатырын капиталдык ремонттоо” боюнча долбоорун ишке ашырууда өздүк салымы менен камсыз кылуу максатында
Токтом кылат:
1.Айыл аймагына караштуу Муркут айылында жайгашкан“К. Жороев атындагы маданият үйүнүн чатырын капиталдык ремонттоо” боюнча долбоорун ишке ашырууда өздүк салымы үчүн 2023-жылдын жергиликтүүбюджетинин эсебинен 530 000,0 (беш жүз отуз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Жергиликтүү бюджеттин эсебинен. Белгиленген суммада акча каражатын өз мөөнөтүндө ажыратып камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлумүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төөлөс айылдык Кеңешинин төрагасы: | З. Жороев |