Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 30-сентябры № 12-13
Айыл аймагына караштуу Кенеш айылында курулуп жаткан 75 орундуу балдар бакчасынын тепкичтерин куруу, полдорун жасоо, эшик терезелерин, витраждарын орнотуу жана ички жасалгалоо иштери боюнча долбоорун кош каржылоо жөнүндө
Айыл аймагына караштуу Кенеш айылында курулуп жаткан 75 орундуу балдар бакчасынын тепкичтерин куруу ,полдорун жасоо,эшик терезелерин , витраждарын орнотуу жана ички жасалгалоо иштери боюнча долбоорун ишке ашырууда кош каржылоону камсыз кылуу максатында
токтом кылат:
1.Айыл аймагына караштуу Кенеш айылында курулуп жаткан 75 орундуу балдар бакчасынын тепкичтерин куруу ,полдорун жасоо,эшик терезелерин , витраждарын орнотуу жана ички жасалгалоо иштери боюнча долбоорун ишке ашырууда кош каржылоону камсыз кылуу максатында айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 3425714 (үч миллион төрт жүз жыйырма беш мин жети жүз он төрт ) сом акча каражаты 2023-жылы жергиликтүү бюджетинин эсебинен ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Тешебаевага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төөлөс айылдык Кеңешинин төрагасы: | З. Жороев |