Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-августу № 41
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Киров айылын Кенжебай айылы деп өзгөртүү жөнүндө
1992-жылдын 6-мартындагы Жалпак-Таш айылдык кеңешинин XXI чакырылышындагы VIII сессиясында Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Киров айылынын атын Кенжебай айылы деп өзгөртүү боюнча депутаттардын чечими чыккан, мына ушул чыккан чечим өз күчүндө калсын деп Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 19-март күнү жалпы айылдын элдик жыйынында жана 1992-жылдын 17-февралынан бери сунушталып келе жаткан Киров айылынын атын Кенжебай айылы деп ыйгарылсын..
2. Кенжебай айылы деп өзгөртүүнүн мыйзамдаштыруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жалпак-Таш айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: |
| Г.А.Матиева |