Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 17-марты № 181 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Үйбүлөлөрдү жана балдарды колдоо бөлүмдөрү жөнүндө 2010-жылга чейинки мезгилге Кыргызстандын балдарынын укуктарын иш-ке ашыруу боюнча "Жањы муун" мамлекеттик программасын жүзөгө ашыруу жа-на калкты, анын ичинде үйбүлөлөр менен балдарды социалдык тейлөө систе-масын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Калкты, үйбүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө системасынтүзүү боюнча эксперимент жүргүзүү жагынан пилоттук региондор катарындатөмөнкүлөр аныкталсын: - Чүй облусунун Ысыката району жана Нарын облусунун Жумгал району- бекитилген штаттык санынын чектеринде райондук мамлекеттик админист-рациялардын алдында үйбүлөлөрдү жана балдарды колдоо бөлүмдөрүн түзүүбоюнча; - Ош жана Талас облустары - бекитилген штаттык санынын чектериндерайондук жана шаардык дењгээлдерде социалдык коргоо башкармалыктарындаүйбүлөлөр менен балдарды колдоо кызматтарын түзүү боюнча. 2. Үйбүлөлөрдү жана балдарды колдоо жөнүндө тиркелген Типтүү жобобекитилсин. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз РеспубликасынынЭмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги үйбүлөлөрдү жана балдар-ды колдоо бөлүмдөрүн түзүүдө ушул Типтүү жобону жетекчиликке алышсын. 3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлиги Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жанарегиондук өнүктүрүү иштери боюнча министри жана пилоттук райондор мененоблустардын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен бирдиктепилоттук долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө контролдуктукту ишкеашырсын жана 2004-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын башка региондо-рунда тажрыйбаны жайылтуунун максатка ылайыктуулугу тууралуу КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте сунуш киргизсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РсспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү жана корго-нуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмдөрүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев