Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 25-марты № 201 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-декабрындагы № 731 токтомунун редакциясына ылайык) Бүткүл дүйнөлүк банктын "Айылдарды каржылоо - 2" экинчи долбоорунКыргыз Республикасы тарабынан тењ каржылоону камсыз кылуу максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 13-майындагыN 126 буйругун ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2003-жылдын 4-декабрындагы N 754 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кир-гизилсин: - 1-пунктун отуз бешинчи абзацы алып салынсын; - 7-пункттун жыйырманчы абзацы алып салынсын. 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн абзацтардын колдонулушу2003-жылдын 4-декабрынан тартып жокко чыгарылсын. 3. (КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-декабрындагы № 731 токтомуна ылай-ык күчүн жоготту) Премьер-министр Н.Танаев