Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Өкмөт Үйү, 2004-жылдын 8-июлу N 508
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-мартындагы N 154, 2007-жылдын 30-декабрындагы N 640, 2008-жылдын 3-октябрындагы N 560, 2012-жылдын 31-январындагы N 68, 2013-жылдын 15-апрелиндеги N 193, 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208, 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816, 2022-жылдын 25-мартындагы № 166, 2023-жылдын 23-майындагы № 269 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы N 86 токтомуна ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы N 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-мартындагы N 154 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N 640 токтомунаылайык күчүн жоготту)
9. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы N 68 токтомуна ылайык күчүн жоготуу)
10. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. "Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги N 245 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Баштапкы билим берүү мекемелери жөнүндө типтүү жобонун жана Баштапкы билим берүү мекемелерин аттестациялоо жөнүндө жобонун бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин кесиптик-техникалык билим берүү боюнча башкармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиганин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
- 32-пункттагы "жана маданият" деген сөз алып салынсын.
12. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 269 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги N 193 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Карыгандар жана инвалиддер үчүн үйлөрдүн тармагын кеңейтүү жана бул үйлөрдө тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" СССР Министрлер Советинин 1967-жылдын 13-ноябрындагы N 1031 токтомун ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1968-жылдын 31-январындагы N 27 токтомун аткаруунун жүрүшү жөнүндө" Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1971-жылдын 11-январындагы N 11 токтому;
- "Республиканын үй-интернаттарында жашаган картаңдар менен инвалиддерди тейлөөнүн абалы жөнүндө" Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1977-жылдын 6-январындагы N 6 токтому;
- "Үй-интернаттарда жашаган картаңдар менен инвалиддерди тейлөөнү андан ары жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1977-жылдын 7-октябрындагы N 900 токтомун ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1977-жылдын 17-ноябрындагы N 557 токтому;
- "Кыргыз ССРинин үй-интернаттарында жашаган картаңдар менен инвалиддерди тейлөөнү жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1979-жылдын 13-сентябрындагы N 467 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын граждандарынын айрым категорияларына социалдык кошумча жардам жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1992-жылдын 16-январындагы N 15 токтому;
- "Жетишсиз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана граждандарга социалдык жардамдын системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 23-декабрындагы Указын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 16-февралындагы N 43 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-апрелиндеги N 257 токтомунун 1-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-ноябрындагы N 736 токтомунун 1-пунктунун сегизинчи-он экинчи абзацтары.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Н.Танаев |