Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 20-июлу № 545                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ            Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин                Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур                     автономиялуу районунун Үрүмчү                          шаарындагы Визалык                            пункту жөнүндө                    (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн               2006-жылдын 28-июлундагы № 543 токтомунун                         редакциясына ылайык)      Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын  Синьцзян-Уйгуравтономиялуу районунун ортосундагы соода-экономикалык,  маданий-гумани-тардык жана туристтик байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө жана чыњдоогокөмөктөшүү  максатында жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республика-сындагы Элчилиги менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер  министрлиги-нин ортосундагы ноталык макулдашууларды аткаруу үчүн Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кытай Эл Рес-публикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу  районунун  Үрүмчү  шаарындагыВизалык  пункту  "Кыргызстан  аба  жолдору" Улуттук авиаташуучусу" ачыктиптеги акционердик коомунун өкүлчүлүгү алдында уюштурулсун.     2. (Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2006-жылдын 28-июлундагы №543 токтомуна  ылайык күчүн жоготту)     3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кытай Эл Рес-публикасынын  Синьцзян-Уйгур  автономиялуу  районунун Үрүмчү шаарындагыВизалык пунктун күтүүгө чыгымдар 2004-жылы атайын каражаттардын  эсеби-нен жүргүзүлсүн.     4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте "2005-жылга Кыргыз Республи-касынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы-нын долбоорун даярдоодо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги-нин Кытай  Эл  Республикасынын  Синьцзян-Уйгур  автономиялуу  районунунҮрүмчү  шаарындагы Визалык пунктун күтүүгө зарыл бюджеттик каражаттардыкарасын.      Премьер-министр                                 Н.Танаев                                         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                        2004-жылдын 20-июлундагы № 545                                              токтомуна тиркеме            Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин                Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур               автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагы                  Визалык пунктунун кызматкерлеринин                     кызматтык маяналарынын өлчөмү                       (айына АКШ доллары менен)                    (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн               2006-жылдын 28-июлундагы № 543 токтомуна                         ылайык күчүн жоготту)