Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 20-июлу № 545 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагы Визалык пункту жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июлундагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгуравтономиялуу районунун ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гумани-тардык жана туристтик байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө жана чыњдоогокөмөктөшүү максатында жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республика-сындагы Элчилиги менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги-нин ортосундагы ноталык макулдашууларды аткаруу үчүн Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кытай Эл Рес-публикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагыВизалык пункту "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучусу" ачыктиптеги акционердик коомунун өкүлчүлүгү алдында уюштурулсун. 2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июлундагы №543 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кытай Эл Рес-публикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагыВизалык пунктун күтүүгө чыгымдар 2004-жылы атайын каражаттардын эсеби-нен жүргүзүлсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте "2005-жылга Кыргыз Республи-касынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-нын долбоорун даярдоодо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги-нин Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунунҮрүмчү шаарындагы Визалык пунктун күтүүгө зарыл бюджеттик каражаттардыкарасын. Премьер-министр Н.Танаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-июлундагы № 545 токтомуна тиркеме Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагы Визалык пунктунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү (айына АКШ доллары менен) (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июлундагы № 543 токтомуна ылайык күчүн жоготту)