Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июлундагы № 547 токтому менен бекитилген Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыњдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-декабрындагы № 917 токтомунун редакциясына ылайык) 1. Жалпы жоболор 1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Респуб-ликасынын Граждандык кодексине жана башка ченемдик укуктук актыларынаылайык иштелип чыкты жана Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зо-насындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун курорттук, да-рылоочу-ден соолукту чыњдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объек-ттерин куруу үчүн берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартабин анык-тайт. 1.2. Ысыккөл обусунун мамлекеттик администрациясына курорттук-рек-реациялык зонадагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр менен, ачык тоорук-тарды өткөрүү жолу менен курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыњдоочу,туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн берүү боюнчаукук берилген. Тооруктарды Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы,мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктардыөткөрүү боюнча комиссия уюштурат жана өткөрөт. 1.3. Сатуу объектиси болуп Ысыккөл облусунун курорттук-рекреация-лык зонасында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мый-замдарына ылайык менчикке жана пайдаланууга, анын ичинде ижара шартындапайдаланууга берилиши мүмкүн болгон жер участоктору эсептелет. 1.4. Сатылуучу жер участоктору үчүнчү жактардын укуктарынан бошжана жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо үчүн чектелбеген болууга тийиш. 2. Бул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана аныктамалар 2.1. Бул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр: - аукцион - тооруктун формасы, мында баарынан жогорку бааны сунуш-таган жак жењүүчү болот; - гарантиялык взнос (насыя) - жер участогун алуу максатында тоо-рукка катышууну каалаган жак салуучу акчанын суммасы; - комиссиялык жыйымдар - катышуучулар тооруктун уюштуруучусуна то-орукка коюлган жер участогунун старттык баасынын 0,5 проценти өлчөмүндөтөлөөчү жыйымдар; - лот - алуу укугу тоорукка коюлуп жаткан конкреттүү жер участогунбелгилөө үчүн колдонулуучу термин; - кыймылсыз мүлк - жер участоктору, жер казыналары, өзүнчө сууобъекттери жана жер менен тыгыз байланышкан бардык нерселер, б.а. алар-дын пайдаланылышына өлчөмсүз зыян келтирүүсүз жылыштырууга болбоочуобъекттер, көп жылдык өсүмдүктөр, имараттар, курулуштар ж.б.; - жер участогуна укук - менчик укугу жана жер участогун мөөнөтсүз(мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу; - жер участогун убактылуу (мөөнөттүү) пайдалануу укугу - жер учас-тогун 50 жылга чейин чектелген мөөнөт менен, анын ичинде ижара шартындапайдалануу укугу; - жер участогуна менчик укугу - жеке жана юридикалык жактардынКыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жер кодек-си жана башка мыйзам актылары менен таанылган жана корголуучу, КыргызРеспубликасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр мененөзүнө таандык жер участогун өзү каалагандай ээлик кылууга жана тескөөгөукугу; - рыноктук нарк - ачык рынокто ак ниет атаандаштык шартында сатуу-га мүмкүн болгон жер участогуна укук үчүн сатуу датасына карата кыйлаылайыктуу, бекитилген методикага ылайык эсептөө жолу менен алынган баа-нын суммасы; - жер участогунун старттык баасы - тоорукта сатуу үчүн берилгенжер участогунун нарктык баасы; - ыйгарым укуктуу орган - Ысыккөл облустук мамлекеттик администра-циясы; - жерлердин максаттуу арналышы - укукту күбөлөндүрүүчү документ-терде көрсөтүлгөн жер участокторун уруксат берилген пайдалануунунтүрлөрүнүн тизмеси; - ак ниет эмес атаандаштык - тоорукка катышуучулардын төмөнкүдөйнатыйжаларга алып келиши мүмкүн болгон жана ар кандай формада макулда-шылган аракеттери, алар: аукциондо бааларды жасалма жогорулатуу, арзандатуу же кармап ту-руу; лотторду катышуучулардын арасында бөлүштүрүп алуу; потенциалдуу атаандаштардын тоорукка катышуусун чектөө же анданчеттетүү жана башка кыянат аракеттер; - конкурс - тооруктун формасы, мында сатып алуучулардан тооруктунобъекттерине карата мурдатан белгиленген шарттарды аткаруу талап кылы-нат; - кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө - сатып алуучунун же башкамилдеттүү жактын сатык бааны же башка карызды төлөөсүнүн мөөнөтүн ыйга-рым укуктуу орган караштырган негиздер болгондо бир жолу же этап-этапменен төлөөгө өзгөртүү; - шаар куруу документтери - региондук жана райондук пландоонундолбоорлору, ар түрдүү функциялык арналыштагы зоналарды долбоорлук-де-талдык пландоонун башкы пландары, кварталдарды жана калктуу конуштунпландоо структурасынын башка элементтерин куруунун долбоорлору; - көз каранды эмес баалоочу - кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча ке-сиптик окуудан өткөнү жөнүндө тийиштүү сертификатты аныкталган тартиптеалган жана баалоонун объектисине карата уюштуруучусу, менчик ээси, ак-ционери эмес, баалоо объектисине карата мүлктүк кызыкчылыгы жок же ушулаталган адамдар менен жакын туугандык байланышы жок адам; - жер участогун уруксат берилген пайдалануу - жер участогун жерги-ликтүү ченемдик укуктук актыларга (жерди пайдалануу жана курулуш курууэрежелерине) ылайык жана максаттуу арналышын, аныкталган тартипте беки-тилген жер жайгаштыруу документтерин эске алуу менен пайдалануу; - баа - сатып алуучу менен сатуучунун ортосундагы түзүлгөнбүтүмдүн натыйжасында жер участогу иш жүзүндө сатып алынган (сатылган)акчанын суммасы; - маалыматтык пакет - сатылуучу жер участогу жөнүндө маалыматтар; - түз сатуу - жер участогуна менчик же ижаралоо укугун жеке адам-дарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) тоорук өткөрбөстөнтүз сүйлөшүү жолу менен берүү ыкмасы; - инвестициялык конкурс - пайдалануу үчүн инфраструктураны жакшыр-тууга тийиштүү инвестацияларды салуу, курорттук, дарылоочу-ден соолуктучыњдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу талап кы-лынган жер участокторун менчикке же пайдаланууга берүү боюнча конкурс. 3. Ачык тооруктардын уштуруучулары, катышуучулары жана объектиси 3.1. Жер участокторуна менчик укугун жана пайдалануу укугун сатуу,анын ичинде ижара шартында ачык тоорук аркылуу сатуу Ысыккөл облустукмамлекеттик администрациясы тарабынан жүргүзүлөт. Тооруктарды Комиссия уюштурат жана өткөрөт. 3.2. Комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгентартипте ачык тоорукта менчикке же пайдаланууга, анын ичинде ижара шар-тында сатылуучу жер участокторунун тизмесин көз каранды эмес баалоочу-ларды тартуу менен аныктайт, лоттордун старттык наркынын өлчөмдөрүнбелгилейт. 3.3. Тоорукка Кыргыз Республикасынын жеке адамдары жана юридикалыкжактары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык анык-талган чет өлкөлүк адамдар (жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайда-ланууга берүүдө) катышууга укуктуу. 3.4. Тооруктун объектиси болуп жер участогуна менчик жана пайдала-нуу, анын ичинде ижара шартында пайдалануу укугу эсептелет. 3.5. Менчикке же пайдаланууга, анын ичинде ижара шартында берүүүчүн тоорукка коюлуучу жер участокторун тандоо шаар куруу документтери-не ылайык жүргүзүлөт. 4. Тоорукту өткөрүү алдындагы даярдоо иштери 4.1. Тоорукка кыймылсыз мүлктүн объектиси катары калыптанган жеручастоктору коюлат. 4.2. Жер участогун кыймылсыз мүлктүн объектиси катары калыптанды-руу үчүн төмөнкүлөр зарыл: а) тоорукка коюлуучу жер участогу аймагында жайгашкан райондук жержайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча райондук баш-карма Комиссиянын тапшыруусу боюнча: - тоорукка коюлуучу жер участокторунун укуктук статусун, үчүнчүжактардын укуктары бар экенин, материалдардын жана документтердин туу-ралыгын текшерет; - жер участогунун документтерде көрсөтүлгөн чек араларга жана аян-ттарга натурасында шайкеш экенин текшерет; - тоорукка коюлуучу жер участокторунун чек араларын жанаша жеручастокторунун менчик ээлери же пайдалануучулары менен макулдашат; - сервитуттар же башка чектөөлөр жок экенин текшерет; - жер участогун баалоого жана башка даярдоо жумуштарына техникалыкмаалыматтарды берет; б) тоорукка коюлуучу жер участогу жайгашкан райондук жана шаардыкархитектура жана курулуш башкармалары Комиссиянын тапшыруусу боюнча: - Комиссияны заседаниелерин өткөрүү үчүн керектүү материалдардыжана документтерди даярдайт; - бекитилген шаар куруу документтерин, курулуштук нормалар мененэрежелерди, ченемдик укуктук актыларды эске алуу менен жер участогунунчек арасын белгилейт; - санитардык, өрткө каршы жана башка кызматтарга каралып жатканжер участогун пайдалануунун шарттары жөнүндө суроо жиберет; - инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын кармоо жанаөнүктүрүү үчүн жооптуу кызматтардан аларга кошуунун баштапкы техникалыкшарттары жөнүндө сурайт; - жер участокторун уруксат берилген пайдалануунун түрлөрүн жанапараметрлерин аныктайт жана берет; - жер участогун алынган корутундулардын негизинде пайдалануумүмкүндүгү жөнүндө жалпыланган техникалык корутунду түзөт; - болгон сервитуттарды жана чектөөлөрдү аныктайт. Даярдалган материалдар бир аптанын ичинде Комиссияга берилет. 4.3. Комиссия тапшырылган материалдардын негизинде жеручастогунун старттык наркын аныктайт. 4.4. Комиссия тооруктун ар бир объектиси боюнча төмөнкүлөрдү кам-тыган маалыматтык пакет түзөт: - сатуу объектисинин каттоо номери; - жер участогунун жайгашкан орду (дареги), кадастрлык номери; - жер участогун уруксат берилген пайдалануу; - жер участогунун чек араларын, сервитуттар колдонулган чектеринкөрсөтүү менен жер участогунун күбөлөндүрүлгөн планы; - инженердик коммуникациялардын ар кандай түрлөрүнө кошуунун шарт-тары жана болжолдуу баалары жөнүндө жалпы корутунду; - тооруктун объектисинин баштапкы (старттык) баасы; - жер участогунун старттык баасын көрсөтүү менен, жер участогунпайдалануунун шарттарын камтыган сатуу-сатып алуу келишиминин долбоору; - жер участогунун экологиялык абалы жөнүндө жана тооруктун объектижөнүндө башка маалыматтар. 4.5. Комиссия тоорук өткөрүлгөнгө чейин отуз күн мурдатан жалпыгамаалымдоо каражаттарына тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө жарыялоого жана жал-пынын көрүшү үчүн көрүнөө жерлерге илүүгө милдеттүү. 4.6. Билдирүүдө төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш: - жер участогунун жайгашкан орду; - тоорукту өткөрүүнүн формасы жана тартиби; - тооруктун объекттеринин тизмеси; - тоорук өткөрүүчү күн, убактысы, орду; - гарантиялык взностун жана комиссиялык жыйымдын суммасы которулу-учу банктын керектүү реквизиттери; - арыздарды кабыл алуунун аяктоочу мөөнөтү; - жер участогунун старттык наркы; - тоорукту өткөрүүнүн шарттары, толук маалымат алуу үчүн тооруктууюштуруучулардын телефондору жана дареги. 5. Тоорукту өткөрүү тартиби 5.1. Жер участокторун менчикке же пайдаланууга, анын ичинде ижарашартында берүү ачык аукциондорду жана инвестициялык тооруктарды өткөрүүметоду менен ишке ашырылат. Өзгөчө учурларда, суроо-талаптын жоктугунан жер участокторун жого-руда аталган методдордун бири боюнча сатууга (берүүгө) мүмкүн эмес бол-со түз сатуу методу колдонулушу мүмкүн. Түз сатуу методун колдонуу жөнүндө чечимди Комиссия чыгарат. 5.2. Тоорукту өткөрүүнүн методун Комиссия аныктайт жана мурдатанжарыяланууга тийиш. 5.3. Инвестициялык конкурс көбүнчө, пайдалануу инфраструктурагаинвестиция салууну талап кылган, ошондой эле курорттук, дарылоочу-денсоолукту чыњдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин курууүчүн жакшы инвестициялык сунуштар болгон жер участоктору боюнчаөткөрүлөт. 5.4. Комиссия конкурстун катышуучулары өз милдеттенмелерин ти-йиштүү аткарууну камсыздоого гарантия берүүсүн (күрөө, кепилдик, банк-тык гарантия ж.б.) инвестициялык конкурс өткөрүүнүн шарттарынын бирикатары киргизе алат. 5.5. Түз сатууну Комиссия арыз берүүчү менен сүйлөшүү аркылуу ишкеашырат. Сатууга коюлган жер участогунун баштапкы наркын Комиссия көзкаранды эмес баалоочулардын корутундусунун негизинде белгилейт.Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Комиссия ага жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чек-теринде жер участокторунун шарттарын жана баасын өзгөртө алат. 5.6. Бир гана катышуучу катышкан аукцион жана конкурс өткөн жокдеп табылат. 5.7. Аукцион жана конкурс аркылуу сатылууга тийиш болгон тооруктунбардык объекттери лотторго бөлүнүүгө тийиш. 5.8. Тооруктарда объекттер бир номер - бир лот схемасы боюнча са-тылат. 5.9. Аукционго жана конкурска катышууга арыздарды кабыл алуу тоо-руктар башталаардан бир сутка мурда аяктайт. 5.10. Уюштуруучулар катышуучуларды каттоону ишке ашырат жана арыз-дарды кабыл алуунун жыйынтыктары тууралуу протокол түзүлөт. ТалапкерлерКомиссиянын катчысынын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган жана номер ый-гарылган учурдан тартып тооруктардын катышуучуларынын статусун алышат. 5.11. Тооруктардын катышуучулары болуп саналбаган адамдар үчүнкирүү билеттери сатылат. Кирүү билетинин баасы Комиссия тарабынан анык-талат. 5.12. Тооруктарга катышуу укугун алуу үчүн талапкер тоорукту уюш-туруучуга төмөнкүлөрдү берет: - жер участокторун, сатып алуучу сатып алууга ниеттенген укуктукөрсөтүү менен белгиленген формада жазуу жүзүндөгү арызды; - ким экендигин ырастоочу документти (жеке адамдар үчүн); - уюштуруу документтерин жана уставын (юридикалык жактар үчүн); - жарыяланган жер участогунун старттык баасынын 10 проценттен аш-паган өлчөмүндө гарантиялык взносту жана 0,5 процент өлчөмүндө Комисси-ялык жыйымды төлөгөндүгүн ырастоочу төлөм документтерин. 5.13. Арыз ээсине анын документтерин кабыл алуудан төмөнкүдөйучурларда баш тартылышы мүмкүн, эгерде: - арыз Комиссия белгилеген кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин бе-рилсе; - арыз анын ээсинин атынан аракеттенүүгө укук берилбеген адам та-рабынан берилсе; - документтер тийиштүү түрдө таризделбесе; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер бо-юнча. 5.14. Документтерди кабыл алуудан баш тартуу Комиссиянын катчысытарабынан баш тартуунун жүйөлүү себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөтастыкталат. Уюштуруучу тарабынан кабыл алынбаган документтер жанаарыздар документтерди каттоо жана жазуу жүзүндө баш тартуу менен арызээсине же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол койдуруу аркылуу кайтарылыпберилет. 5.15. Гарантиялык взносту талапкерлер учурдагы эсепке накталайэмес которуу же болбосо сатуучунун кассасына накталай взнос аркылуутөлөшөт. Анын өлчөмүн Комиссия аныктайт, бирок ал тоорук объектисининстарттык наркынын 10 процентинен ашпашы керек. 5.16. Эгерде талапкер аукционго жана конкурска бир нече объекттербоюнча катышса, гарантиялык взнос ар бир объект боюнча өзүнчө төлөнөт.Эгерде тоорук болбой калса, бардык катышуучуларга 0,5 процент өлчөмүндөКомиссиялык жыйым жана гарантиялык взнос кайтарылып берилет. Тооруккакатышкан, бирок утушка ээ болбой калган же болбосо белгиленген мөөнөттөтооруктарга катышуудан баш тарткан талапкерлерге эки жумалык мөөнөттөгарантиялык взностор кайтарылып берилет. Жер участогунун старттык нар-кынын 0,5 процент өлчөмүндөгү Комиссиялык жыйым Комиссиянын карамагындакалат. 5.17. Ачык аукциондор методу менен тооруктарды өткөрүүдө: - Комиссия аукциончуну дайындайт, ал тоорук объектисин, аны сатуушарттарын жана тооруктардын кадамдарын жазат. Аукциондо тооруктардынбашталышы болуп объектинин старттык баасы жарыяланган учур эсептелет.Ар бир лот боюнча кадамдын өлчөмү аукциондо өткөрүү башталганга чейинКомиссия тарабынан аныкталат; - эгерде аукциондун жүрүшүндө баштапкы баа үч ирет жарыяланганданкийин, объектини сатып алууга даяр сатып алуучулар болсо, аукциончу Ко-миссия менен макулдашуу боюнча объектинин баасын 10 проценткетөмөндөтүүгө укуктуу; - тооруктун жүрүшүндө аукциончуга кайрылган аукциондун катышуучу-лары (же алардын ишенимдүү адамы) номери менен катышуучунун билетинкөтөрөт жана өз баасын атайт; - эгерде аукциончу акыркы бааны үч ирет жарыялагандан кийин каты-шуучулардын эч кимиси кыйла жогорку бааны сунуш кылбаса, аукциончу бирэле учурда балка менен уруу аркылуу тоорук объектиси акыркы бааны сунушкылган адамга сатылгандыгы тууралуу жарыялайт; - эгерде аукционго бир эле лот эки жолу чыгарылса жана ал лоткосуроо-талап болбосо (билдирүүлөр түшпөсө) Комиссия старттык бааны 10проценттен 25 процентке чейин төмөндөтүүгө жана 30 күндөн кийин кезек-теги аукцион жарыялоого укуктуу. 5.18. Конкурс өткөрүүдө: - Комиссиянын корутундусу боюнча эњ жакшы шартты сунуш кылган жакжењүүчү деп табылат; - сунуштар тењ болуп калганда, арызды мурда берген катышуучужењүүчү деп табылат; - тооруктун катышуучуларынын сунуштары салынып, чапталган конверт-тер Комиссиянын ачык заседаниесинде белгиленген күндө жана саатта ачы-лат. Конверттерди ачаардын алдында Комиссия анын бүтүндүгүн текшерип,бул тооруктун натыйжалары жөнүндө протоколдо белгиленет; - баа сан жана жазуу менен көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде санда жанажазууда ар кандай баа көрсөтүлсө, Комиссия жазуу жүзүндө көрсөтүлгөнбаага көњүл бурат; - конверттерди ачканда жана сунуштарды окуганда тооруктун бардыккатышуучулары же тиешелүү түрдө таризделген ишеним каттары бар алардынөкүлдөрү катышат. 5.19. Тооруктардын жењүүчүсү менен келишим түзүүдө гарантиялыквзностун суммасы тооруктун объектисин сатуу баасына кошулат. 5.20. Тооруктун катышуучусу төмөнкүлөргө укуктуу: - жеке өзү же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу тооруктарга бекер катышууга; - тооруктардын объекттери тууралуу акысыз толук маалымат алууга; - тооруктар өтө турган күнгө чейин кеминде 10 күн мурда ага каты-шуудан баш тартууга жана бул тууралуу тооруктун уюштуруучусуна жазуужүзүндө билдирүүгө, көрсөтүлгөн мөөнөттү бузган учурда, гарантиялыквзнос кайтарылып берилбейт. 5.21. Комиссия тооруктар башталганга чейин 3 күн мурда тигил жебул объектини тооруктардан, конкурс өткөрүлгөнгө чейин кеминде 30 күнмурда конкурстан алып салууга укуктуу. Мындай учурда тооруктун катышуу-чуларына объектини алып салуунун жүйөлүү себеби түшүндүрүлөт жана Ко-миссиялык жыйым менен гарантиялык взнос кайтарылып берилет. 6. Жүргүзүлгөн аукциондордун жана конкурстардын жыйынтыгы боюнча документтерди тариздөө тартиби 6.1. Аукциондун тооруктун жүрүшүндө объектиге акыркы бааны сунушкылган катышуучусу же эњ мыкты шартты сунуш кылган конкурстун катышуу-чусу тооруктун жењүүчүсү деп жарыяланат жана ошол эле күнү Комиссиягакаташуучу өз номерин берүүгө жана тооруктун натыйжалары жөнүндө прото-колго кол коюуга тийиш. Протокол 3 нускада түзүлүп, ага Комиссиянынбардык мүчөлөрү жана аукциончу кол коет. 6.2. Протоколдо төмөнкү маалыматтар жазылат: сатылган объектининбаштапкы (старттык) жана акыркы баасы, гарантиялык взностун өлчөмү, то-оруктун объектисин сатып алуу-сатуу келишимине кол коюу боюнча тарап-тардын милдеттери, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын расчеттук эсе-бинин номери. Тооруктун натыйжалары жөнүндө протоколдун 1 нускасы сатыпалуучуга берилет. 6.3. Тооруктардын натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюудан баштарткан тооруктун жењүүчүсүнө гарантиялык взнос кайтарылып берилбейт.Мындай учурда бул объекти боюнча тооруктар кайталанат. 6.4. Ак ниетсиз атаандаштык аныкталса, Комиссия бардык учурда жа-рыяланган лотту тооруктан алып салууга же тоорук өткөн күндөгү лот бо-юнча анын жыйынтыктарын жоюуга укуктуу. 6.5. Катышуучу жагынан ак ниетсиз атаандаштык аныкталган учурда албул лот боюнча тооруктарга андан ары катышуу укугунан ажырайт, мындайучурда ага гарантиялык взнос кайтарылып берилбейт. 6.6. Тооруктардын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнбуйругу менен бекитилет. Эгер тооруктун жењүүчүсү чет өлкөлүк жак болсо, анда жер участок-тору убактылуу пайдалануу укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-рабынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин макулдугу менен бери-лет. Тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнбуйругу менен бекитилген протоколдун негизинде жер участогуна укуктар-дын (менчикке же пайдаланууга, анын ичинде ижаралоо шарттарында) сатыпалуу-сатуу келишими түзүлөт, ага Комиссиянын төрагасы кол коет. Келишим түзүлгөндөн жана зарыл документтерди алгандан кийин сатыпалуучу жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнчарайондук башкармалыкка жер участогуна укукту белгиленген тартипте кат-тайт. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-декабрындагы N917 токтомунун редакциясына ылайык) 6.7. Төлөм накталай эмес эсеп боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. 6.8. Төлөө мөөнөтү же келишимдин башка олуттуу шарттары бузулса,Комиссиянын демилгеси боюнча келишим бузулушу мүмкүн, мында гарантиялыквзнос жана комиссиялык жыйым кайтарылып берилбейт. 6.9. Тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө маалымат тооруктардыөткөрүүгө жооптуу органдар тарабынан аукциондун жыйынтыктары жөнүндөпротоколго кол коюлган күндөн тартып беш күндүн ичинде жалпыга маалым-доо каражаттарында жарыяланат. 7. Акча каражаттарын бөлүштүрүү 7.1. Жер участокторуна укуктарды сатуудан алынган акча каражаттар-ды, ошондой эле кирүү билеттерин сатуудан түшкөн каражаттар, кайтарылыпберилбеген гарантиялык взностордун суммасы жана Комиссиялык жыйымдардынсуммасы Ысыккөл облусунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү фондунажөнөтүлөт. 7.2. Тооруктарды уюштуруу боюнча чыгымдар Ысыккөл облусунун соци-алдык-экономикалык өнүктүрүү фондунун каражаттарынан жабылат. 7.3. Эгерде жер участогунда курулуштар, курулмалар, бүткөрүлбөгөнөндүрүш же өткөн жылдарда салынган каражаттар болсо, ошондой эле жеручастогуна байланыштуу карыздык милдеттенмелерге байланыштуу түйшүктөрболсо, аларды сатуудан түшкөн сумма биринчи кезекте карыздык милдеттен-мелерди жана салынган каражаттарды жабууга жумшалат.