КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 11-январы № 4 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын айыл жеринде маданиятты жана искусствону өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин "2010-жылга чейин элеттикомплекстүү өнүктүрүүнүн" Улуттук стратегиясы жөнүндө" 2004-жылдын23-июнундагы № 210 Жарлыгы менен бекитилген "2010-жылга чейин элеттикомплекстүү өнүктүрүү" Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясын ишкеашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын айыл жеринде маданиятты жана искусствонуөнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки программасы бекитилсин. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары: - Кыргыз Республикасынын айыл жеринде маданиятты жана искусствонуөнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки программасын ишке ашыруу боюнча конк-реттүү чараларды көрүшсүн; - ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден ки-йинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-раштуу Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссияга жогорудакөрсөтүлгөн Программаны аткаруунун жүрүшү тууралуу маалымат беришсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүүбоюнча мамлекеттик комиссия ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча от-четтук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнө топтомо маалымат берсин. 4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги "Маданий ишаракет-терди коргоо жана колдоо жөнүндө" мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн 2005-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планына киргизсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев