Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 22-январы № 29 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Ритуалдык (сөөктү жерге коюуга) пособиени төлөп берүү тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-июлундагы № 393 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы
"Мамлекеттикпенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замына жана
"Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
Мыйзамын иш-ке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-июлундагы № 393
токтому менен бекитилген Ритуалдык (сөөктү жерге коюуга) пособиенитөлөп берүү тартиби жана өлчөмү жөнүндө
жобонун II бөлүмүнө төмөнкүдөйөзгөртүүлөр киргизилсин: - 6-пункттун бешинчи абзацында "беш эсе" деген сөз "он эсе" дегенсөз менен алмаштырылсын; - 7-пунктта "үй-бүлө мүчөлөрүнүн же сөөктү жерге коюуну аткарганадамдын арыз берген күндөн тартып 10 күндүн ичинде" деген сөздөр"сөөктү жерге койгондон кийин эки жумадан кеч эмес" деген сөздөр мененалмаштырылсын. 2. Бул токтом 2005-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев