Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 29-январы № 41 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде айлана-чөйрөнү коргоо, табигый кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу, өзгөчө кырдаалдардын учурунда иш-чараларды уюштуруу боюнча 2010-жылга чейинки чаралардын пакетин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын"2010-жылга чейин элетти комплекстүү өнүктүрүү" улуттук стратегиясыжөнүндө" 2004-жылдын 23-июнундагы № 210
Жарлыгын ишке ашыруу максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде айлана-чөйрөнү коргоо,табигый кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу, өзгөчөкырдаалдардын учурунда иш-чараларды уюштуруу боюнча 2010-жылга чейинкичаралардын тиркелген Пакети (мындан ары - Чаралардын пакети) бекитил-син. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары: - Чаралардын пакетин ишке ашыруу боюнча конкреттүү чаралардыкөрүшсүн; - ар бир жарым жылдын жыйынтыктары боюнча отчеттук мезгилден ки-йинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экология жанаөзгөчө кырдаалдар министрлигине Чаралардын пакетин ишке ашыруунунжүрүшү жөнүндө жалпылоо үчүн маалымат берип турушсун. 3. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-рлиги ар бир жарым жылдын жыйынтыктары боюнча отчеттук мезгилден кийин-ки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Чаралар-дын пакетин ишке ашыруу жөнүндө топтомо маалымат берип турсун. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жана коргонуу жана укук коргоо органда-рынын иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев