КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 1-февралы № 50 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылын өткөрүү боюнча иш-аракеттердин программасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин2003-жылдын 15-октябрындагы Кыргызстандын элине "Социалдык мобилизация-лоо жана акыйкат башкаруу жылы" боюнча Кайрылуусун жана Кыргыз Респуб-ликасынын Президентинин 2003-жылдын 27-декабрындагы № 418 "2004-жылдыСоциалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы деп жарыялоожөнүндө"
Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2004-жылдын 19-февралындагы № 86-б
буйругу менен бекитилгенСоциалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылын өткөрүү боюнчаиш-аракеттердин программасы иштелип чыккандыгын белгилейт. Облустук мамлекеттик администрацияларда координациялык кењештер,министрликтерде жана ведомстволордо жумушчу топтор түзүлүп, Социалдыкмобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылын өткөрүү боюнча иш-аракеттер-дин программалары иштелип чыкты жана кабыл алынды. Программада экономиканын реалдуу секторундагы, социалдыкчөйрөдөгү, билим берүүдөгү, саламаттык сактоодогу, микрокредиттердиберүүдөгү маселелерди чечүүгө, шаарлар менен кыштактардын инфраструкту-раларын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнестиөнүктүрүүгө, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз кызматта-шууга өзгөчө көњүл бурулду. Аткарылган иштер республиканын социалдык-экономикалык абалына жа-гымдуу таасир тийгизди. 2004-жылы 10 айдын ичинде республикада 42939,3млн. сом суммасында өнөржай продуктусу чыгарылды же 2003-жылдын ушулмезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 107,1 процентти түздү. 51745,9 млн.сом суммасында айыл чарба продукцияларынын дүњ жыйымы чыгарылып, өсүүтемпи 103,8 процентти түздү. 2004-жылы республика боюнча номиналдуу орточо айлык эмгек акы2101,2 сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 13,7 проценткекөбөйдү. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жыл башынан тартып 3935,3млн. сом суммасындагы пенсия төлөмдөрүн толугу менен каржылоого жетиш-ти. Мамлекеттик пособие алуучулардын жалпы саны 505,6 мињ адамдытүзөт, анын ичинен аз камсыздуулугу боюнча 453,8 мињ адам пособие алса,51,8 мињ адам социалдык пособие алышат. Азыркы маалымат боюнча2004-жылдын 1-декабрына карата жыл башынан тартып мамлекеттик пособиетөлөө үчүн керектелүүчү сумма 683,0 млн. сомду түзсө, анын 660,6 млн.сому каржыланган. Мамлекеттик пособие боюнча карыз 22,4 млн. сомдутүзөт. Төлөмдөр боюнча кечигүү убактысы 2003-жылы 67 күндү түзсө, быйылорто эсеп менен 11 күндү түзөт. 2004-жылдын 1-декабрына карата абал боюнча жењилдиктерди берүүгө421,6 млн.сом, анын ичинен 228,0 млн сом чегеришме каржылоо жолу мененжана 193.6 млн. сомду якчалай төлөө каралган. Жењилдиктерди берүү боюн-ча 28,0 млн.сом суммасындагы (жыл бою) санаториялык-курорттук дарылану-уга берилүүчү компенсация төлөмүнөн тышкары бардык карыздар жоюлган.Каржылоо графигине ылайык аталган карыз жылдын аягына чейин жоюлуугатийиш. Республика боюнча бүтүндөй алганда жүргүзүлгөн иштердин натыйжа-сында 2004-жылдын 11 айынын ичинде 50,8 мињ үй-бүлө, анын ичинен Ош об-лусунда - 12,2 мињ, Жалалабатта - 2,8 мињ, Чүйдө - 12,3 мињ, Таласта -2,4 мињ, Нарында - 2,3 мињ, Ысыккөлдө - 3,8 мињ, Баткенде - 2,2 мињ,Бишкек шаарында - 11,7 мињ, Ош шаарында - 1,1 үй-бүлө өздөрүнүн жашоодењгээлин жакшыртышты. Азыркы учурда республикада өзүнө 100 мињден ашык үй-бүлөнү камты-ган 7,8 мињ жамааттык уюм (2003-жылы - 6,5 мињ жамааттык уюм), 4,7 мињөзара жардамдашуу топтору (2003-жылы - 3,5 мињ) жигердүү иштеп жатышат.Алардын ички аманаттарынын көлөмү 115,4 млн. сомду түзүп, алар тарабы-нан 102,0 млн. сомдук жумуш аткарышкан. Иш менен камсыз кылууну жогорулатууда жана кедейликти азайтуудажекече ишкердикти жана бизнести өнүктүрүүгө финансы ресурстарын берүүолуттуу ролду ойнойт. Үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнчареспубликанын бардык кредит берүүчү уюмдары тарабынан жалпы суммасы1272,5 млн.сом суммасында чакан кредиттер берилген. 60,0 мињден ашуунжарандар чакан кредиттерди алышкан. Бүгүнкү күндө республикабызда 306 кредиттик союздар иштеп, ал27565 катышуучуну бириктирет. Кредиттик союздардын жыйынды кредиттиккапчыгы 254,7 млн. сомду түзүп, алар 202,8 млн. сом суммасында чаканкредиттерди беришкен. Ошондой эле үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу материалдартүрүндө натуралдык чакан кредиттерди берүү иштери да кењири жайылтылуу-да. Алсак, республика боюнча 27,2 мињ аз камсыз үй-бүлөгө 31,2 млн. сомсуммасында ушундай кредиттер берилген. Эмгек рыногундагы жигерлүү саясат да кедейлик дењгээлинтөмөндөтүүгө өбөлгө түзөт. Республика боюнча 2004-жылдын 11 айында Кыр-гыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги ар-кылуу 1,6 мињ сом чакан кредиттерди берүү жолу менен 33,2 мињ жумушсузадам ишке орноштурулган. 4,6 мињ адам кесиптик окууга жиберилип, аныничинен 3,5 мињ адам ишке орноштурулган. 16,2 мињ адам акы төлөнүүчү ко-омдук жумуштарга жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо минист-рлиги облустук мамлеекеттик администрациялар менен бирдикте бизнес-ин-кубаторлорду уюштуруу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп жатат. Алсак2004-жылы республиканын региондорунда 45 бизнес-инкубатор ачуу болжол-донсо, анын ичинен 35и азыр иштеп жатат жана анда 750дөн ашык жумушчуорун түзүлгөн. Аз камсыз үй-бүлөлөрдү ишкердикке тартуунун дагы бир жолу, ай са-йын берилүүчү пособиенин (АБП) жылдык суммасын бир жолу төлөп берүү бо-луп эсептелет. Бүгүнкү күнгө 250 үй-бүлөгө 1,0 млн. сомдон ашык пособиетөлөнүп берилген, алардын ичинен 127 үй-бүлө 210,4 мињ сом суммасындапайда алышты. Мындан тышкары, кедей үй-бүлөлөрдүн экономикалык ишкер-диктерине колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Финансы ми-нистрлиги менен бирдикте реслублика боюнча 500 үй-бүлөгө 3,0 млн. сомгожакын АБПнын жылдык пособие суммасын төлөп берүү боюнча буйрук даярдал-ды. Азыркы убакта республикада социалдык мобилизациялоо жаатында 1,0мињден ашык өкмөттүк эмес уюмдар иштейт. Нарын облусунун өзүндө эле 141өкмөттүк эмес уюм иштеп, 2,3 млн. сомдон ашык суммадагы долбоорлордуишке ашырып жатышат. Элдердин бакубат жашоосун көтөрүүдө "Байлар-кедейлерге" деген кый-мыл маанилүү ролду ойноп жатат. Мисалы, Чүй облусу боюнча 4,4 мињ кедейүй-бүлө оокаттуу үй-бүлөлөргө, дыйкан, фермер чарбаларына, уюмдарга бе-китилген жана алардан жалпы суммасы 25,6 млн. сомдук материалдык жар-дамдарды алышты. Бишкек шаарында 4,0 мињге жакын кедей жарандар коммер-циялык структураларга бекитилген. Ош облусунда 1429 кедей үй-бүлө же-тиштүү камсыз болгондордон жардам алышат, кедей үй-бүлөлөргө жардамберүүнүн кыйла кењири тараган түрү аларга майда жандык, бодо мал бөлүпберип, ошондой эле үрөндүк материалдар, жерин айдатуу, күйүүчү-майлоочумай түрүндө жардамдарды берүү эсептелет. Айылдарда жана шаарларда инфраструктураны өнүктүрүү боюнча "Ашар"ыкмасы улам куч алып бара жатат. Республика боюнча мындай ыкма мененжалпы суммасы 130 млн. сомдон ашкан социалдык чөйрөнүн 700дөй объектисикурулду жана калыбына келтирилди, болжол менен 13 мињ жумушчу орунтүзүлдү. Республикада социалдык мобилизациянын жүрүшүнө Азия Өнүктүрүү Бан-кы, Эл аралык Кайрымдуулук Корпусу, ПРООН, "МерсиКо", "Хельветас","Кыргызстан-Сорос" фонду, "Евричайлд" сыяктуу эл аралык уюмдар жигердүүкөмөк көрсөтүшүүдө. Алардын жардамы менен каналдардын, суу түтүктөрүнүнжана социалдык-маданий багыттагы башка объекттердин курулушу үчүн тар-тылган тышкы ресурстардын көлөмү көбөйдү. Бүткүл дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкынын долбоолору боюн-ча эле 137,4 мињ адам жашаган 93 айылда жалпы суммасы 489,8 млн. сомдуксуу түтүктөр курулду жана оњдолду, 555 таза суу пайдалануучулардынайылдык коомдук бирикмелери (ТСПАКБ) түзүлдү. Нарын облусунда "МерсиКо"эл аралык фондусунан жалпы билим берүүчү мектептер, кесиптик лицейлер,бала бакчалар, балдар үйлөрү жана жатакүйлөр үчүн 28,5 мињ АКШ долларысуммасына грант алынган. Саламаттык сактоону реформалоо боюнча бир топ максаттуу иштер ат-карылды, саламаттык сактоо мекемелерин реструктуризациялоо, аларды ре-монттоо жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.Республиканын дарылоо мекемелерин зарыл медициналык жабдуулар мененжабдуу үчүн жалпы суммасы 940,3 мин АКШ доллары суммасына саламаттыксактоо мекемелерине медициналык жабдуулар берилди. Бүткүл дүйнөлүк банктарабынан каржыланган "Саламаттык сактоо секторун реформалоо-2" долбоо-рунун алкагында "Үй-бүлөлүк медицина" курсу боюнча 2216 дарыгер жана3037 медайым окуудан өткөрүлдү. Республикада консультативдик, маалымат-тык-билим берүү, таза шприцтер жана ийнелер менен камсыздоо кызматтарынкөрсөтүүчү 11 ишеним пункту ачылды. Билим берүүнүн материалдык-техникалык базасын чыњдоо боюнча да ал-гылыктуу иштер аткарылып жатат. Алсак, 2004-жылы ар кандай булактардан93 мектептин курулушу бүткөрүлдү, 250 мектепте капиталдык ремонтжүргүзүлдү. Республиканын мектептерине 300 компьютер, 50 принтер, 300компьютердик эмеректин комплекти, алыскы, жетүүгө кыйын болгон аймак-тарга тармактык жабдуулар коюлду. 450 компьютер сатып алуу боюнча тен-дер өткөрүлдү. 110 класска окуу эмеректеринин комплекти жана физика,химия, биология кабинеттерине 1ден комплект коюлду. Өткөн жылдын 1-де-кабрына карата ведомстволорго караган 14 жатак мекемелерге жана балдарүйлөрүнө капиталдык ремонт үчүн 2784,0 мињ сом бөлүндү. Социалдык мобилизациялоо жылын ийгиликтүү өткөрүүгө администрация-лык реформа жүргүзүүнүн чектеринде кадрларды туура тандоо жана окутуукөмөктөшөт. Облустардын мамлекеттик администрациялары тарабынан бошорундарды конкурстук ээлөө, кадрлардын резервин түзүү, мамлекеттик жанамуниципалдык кызматчыларды аттестациялоо жүргүзүү боюнча кыйла иштержасалууда, мында гендердик саясат эске алынат. Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекет-тик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын,министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана мамлекеттик комисси-яларынын иштеринле бир топ проблемалар жана кемчиликтер орун алган.Алар тарабынан социалдык мобилизациялоо боюнча отчеттор өз убагында бе-рилбейт жана облустук мамлексттик администрациялар, Кыргыз Республика-сынын министрликтери, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ве-домстволорунун жана мамлекеттик комиссияларынын ведомстволор тарабынанжүргүзүлгөн иштер толук көлөмдө чагылдырылбайт. Мамлекеттен, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардан жана башкалар-дан микрокредиттерди, ар кандай демөөрчүлүк жана донордук жардамдардыалышкан кедей үй-бүлөлөрдүн жекече эсебин алуу, жашоо-турмуштарын жак-шырткандары боюнча конкреттүү маалыматтар жок, бул алынган кирешелердинэсебинен бакубаттыгын жогорулатышкан үй-бүлөлөрдүн санын тактоодо кы-йынчылык туудурат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн маалымат базасын түзүүдөгү жанажүргүзүүдөгү кыйынчылыктар, жер-жерлерде жергиликтүү өзалдынча башкарууоргандарынын программалык камсыздоого ылайык байланыш жана компьютердиктехникасынын жоктугу менен түшүндүрүлөт. Көзөмөлсүз жана кароосуз калган балдар проблемалары өзгөчө шаар-ларда күчөп жатат. Мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзал-дынча башкаруу органдары тарабынан бул проблемага жетиштүү көњүлбөлүнбөйт. Бишкек шаарында эле жергиликтүү бюджеттердин эсебинен бойго жетеэлек балдар үчүн 7 адистешкен мекеме иштейт. Анда социалдык колдоогомуктаж болгон 1150 бала турат; Ош шаарында Жашы жете электерди байыр-лаштыруу жана реабилитациялоо борбору бар, анда 25 бала жашайт, кесип-тик-техникалык билим берүү системасынын 9 окуу жайында калктын аялуукатмарынын балдары үчүн реабилитациялык борборлор түзүлгөн. Жалалабатоблусунун Сузак районунда аз камсыз болгон социалдык жактан аялууүй-бүлөлөрдөн чыккан мектеп жашындагы 20 бала үчүн реабилитациялык бор-бор ачылды. Кредиттик союздарды түзүү боюнча иштер начар. Алсак, 2003-жылыреспубликада 303 кредиттик союз иштеген болсо, 2004 жылы болгону 3 кре-диттик союзга көбөйгөн. Кредиттик союздар тарабынан баардыгы болуп 27159 адамга кредит берилген, бул кедейчиликтин дењгээлин эске алгандаанча көп эмес. Талас (3), Жалалабат (3) жана Баткен (1) облустарындакредиттик союздардын саны кыскарган. Мындай абалды жакшыртуу жерги-ликтүү бийлик органдарынан кредиттик союздарды түзүү жана аларга кедейкалкты кењири жана максаттуу тартуу иштерин жигердүү жүргүзүүнү талапкылат. "Ашар" ыкмасын өнүктүрүү боюнча иштер өтө солгун жүрүп жатат.2004-жылы Ысыккөл облусунда бул ыкма менен болгону 3 объект курулган.Ал эми Баткен облусунда 2003-жылы "Ашар" ыкмасы менен 211 социалдыкобъект курулган болсо, 2004-жылы болгону 28 объект курулган, ушундайэле көрүнүш Ош шаарында да кездешет, 2003-жылы - 14 жана 2004-жылы - 7объект курулган. Республикада жамааттык уюмдарды, өзара жардамдашуу топторун уюшту-руу бир топ жигердүү жүргөнү менен алардын айрымдарында каражаттарыжок, ошондуктан иштин жыйынтыгы начар. Региондо социалдык мобилизациялоо иштеринин жүрүшү боюнча калккамаалымдоо иштеринде бир топ кемчиликтер бар. Айыл өкмөттөрүнүн баарындамаалыматтык көрнөктөр болгону менен, кредит жана микрокредит берүүчүуюмдар, мекемелер тууралуу жетиштүү маалыматтар жок. Республикада айыл чарба продукцияларын сатып алуу, кайра иштетүүжана сатуу системасын өнүктүрүү боюнча маркетингдик стратегиянын беки-тилгенине карабастан, алыскы жана жакынкы четөлкөлөрдөн дараметтүү ры-нокторду издөө иштери начар жүргүзүлөт. Соода-сатык жүргүзүүчү уюмдаржетиштүү өнүкпөй жатат, республикадагы 120 соода-сатык уюмдарынынкөпчүлүгү жүгүртүү каражаттарынын жоктугунан иштебей турат. Облустардын алыскы райондорунда педагогикалык жана медициналыккадрлар жетишпейт. Бул жергиликтүү бийлик органдарынан жаш педагогкадрларды облуска тартуу үчүн комплекстүү чараларды көрүүнү талап кы-лат. Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу иштерин терењдетүүжана өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 19-февралындагы №86-б
буйругу менен бекитилген Социалдык мобилизациялоо жана акыйкатбашкаруу жылын өткөрүү боюнча Ишаракеттер программасынын бардык иш-ча-раларын толук аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн; - айыл өкмөттөрүнүн ортосунда социалдык мобилизациялоо жана акый-кат башкаруу боюнча өткөрүлгөн республикалык конкурстун жыйынтыктарынчыгарышсын; - социалдык мобилизациялоо мониторингин жана анын жыйынтыктарынжалпыга маалымдоо каражаттарында кењири чагылдырышсын. 2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги облустук мамлекеттик администрациялар менен бирдиктеайыл чарба продукцияларын сатуу жана республикада соода-сатыктыөнүктүрүү боюнча дараметтүү рынокторду издөө иштерин күчөтүшсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлиги Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация-лары менен бирдикте: - микрофинансылоочу жана микрокредиттөөчү институттар тармагынкењейтсин, айыл өкмөттөрүнө, жамааттык уюмдарга жана жергиликтүүөнүктүрүү фонддоруна эл аралык уюмдар жана донорлор менен байланыштүзүүгө көмөк көрсөтсүн; - инфраструктураны жана социалдык-маданий объектилерди жакшыртуугабагытталган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу боюнча биргелеш-кен иш-аракеттерди активдештирсин; - жумушсуздарды жана элет жашоочуларын эмгек рыногу талап кылганкесиптерге окутсун жана кайра окутуу иштерин жүргүзсүн. - 45 бизнес-инкубатор түзүү боюнча чара көрсүн. 4. Облустук мамлекеттик администрациялар жамааттарды, өз ара жар-дамдашуу топторун, кредиттик уюмдарды түзүү жана өнүктүрүү, "Ашар" ме-тодун жайылтууну андан ары активдештирүү боюнча максаттуу иштердикүчөтүшсүн. 5. Облустук мамлекеттик администрациялар Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана соци-алдык жактан коргоо министрлиги менен бирдикте: - ар бир райондо реабилитациялык борборлорду түзүү иштерин улан-тышсын; - инклюзивдик окутууну ишке киргизүү, ошондой эле мүмкүнчүлүгүчектелүү адамдарды реабилитациялоого багытталган иш-чараларды активдеш-тирүү боюнча иштерди күчөтүшсүн. 6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги, Кыргыз Респуб-ликасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлиги педагогикалык жана медициналык кадрларды комплектөөдө жанакаржылоодо кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүшсүн. 7. "Мен кедейчиликти кантип жењдим" деген темада эњ мыкты макалаүчүн калк арасында жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурс жарыялан-сын. 8. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын маалы-маттык-аналитикалык бөлүмү жогоруда аталган конкурсту өткөрүүнүн крите-рийлери жөнүндө жобону иштеп чыксын. 9. Облустардын мамлекеттик администрация башчылары "Мен кедейчи-ликти кантип жендим" темасы боюнча эњ мыкты макалага конкурстунжењүүчүлөрүн сыйлоо үчүн каражат издеп табышсын. 10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктарына жанабөлүмдөрүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев