Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2004-жылдын 12-августу № 605
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ош облусунун Алай районундагы Будалык айыл өкмөтүнүн жашоочуларына социалдык колдоо көрсөтүү максатында жана Мурдаш калктуу конушунунун бийиктиги такталгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомунун 1-тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: Ош облусу, Алай району бөлүмүндө: - "Калктуу конуштун аталышы" графасынын 26-пунктунда "К.Маркс атындагы Кызыл-Тект" деген сөздөр "Тамгатерек" деген сөзгө алмаштырылсын; - "райондук коэффициент" графасынын 26, 30, 33, 50, 66, 69-пункттарында "1,15" деген сандар "1,45" деген сандарга алмаштырылсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген коэффициенттик кошумчаларды төлөө 2005-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Бул токтом массалык маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
|