Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы N 315 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 30-августу N 652 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Иммиграциялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-апрелиндеги N 231 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Тарыхый мекенине кайтып жатышкан этностук кыргыздарга натыйжалуужана өз учурунда гуманитардык, техникалык жана башка жардам көрсөтүү,аларды жергиликтүү коомдоштукка интеграциялоо, ошондой эле Кыргыз Рес-публикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Иммиграциялык фондунунишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Им-миграциялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын17-апрелиндеги N 231 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизилсин: - 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөрбелгиленсин: - Иммиграциялык фондунун кызматкерлеринин жогорку саны 8 (сегиз)адамдан, анын ичинде 5 (беш) тейлөөчү персоналдан; Иммиграциялык фондунун кызматкерлеринин эмгек маянасы тиркемегеылайык өлчөмдө.". 2. Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, Кыргыз Республи-касынын Тышкы иштер министрлигане караштуу Иммиграциялык фонду жөнүндөжобого: - 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды түзүү жанаөкүлчүлүк ачуу"; - 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "- Иммиграциялык фондунун аппаратын күтүү борбордук жана аткаруучуоргандарды күтүүгө республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсеби-нен каржыланат"; 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-апрелиндеги N231 токтомуна тиркеме ушул токтомго тиркемеге ылайык берилсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-августундагы N 652 токтомуна тиркеме Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Иммиграциялык фондунун кызмат орундарынын тизмеси-----------------------------------------------------------------------|N | Структуралык |Штаттык |Кызмат |Бардыгы || | подразделенилердин |бирдиктердин|окладдары|(сом) || | жана кызматтардын |саны |(сом) | || | аталышы | | | ||--|----------------------------------|------------|---------|--------|| |Кыргыз Республикасынын ТИМине | | | || |караштуу Иммиграциялык фондунун | | | || |аппараты | | | ||--|----------------------------------|------------|---------|--------||1.|Директор | 1 | 3000 | 3000 ||--|----------------------------------|------------|---------|--------||2.|Башкы адис | 1 | 1200 | 1200 ||--|----------------------------------|------------|---------|--------||3.|Жетектөөчү адис- бухгалтер | 1 | 1000 | 1000 ||--|----------------------------------|------------|---------|--------||4.|Айдоочу | 1 | 900 | 900 ||--|----------------------------------|------------|---------|--------|| |Чүй облусунун Ысык-Ата районунун | | | || |Ивановка шаар тибиндеги | | | || |поселогунда жана Москва районунун | | | || |Беловодское айылында этностук | | | || |кыргаздарды убактылуу кабыл алуу | | | || |пункттары | | | ||--|----------------------------------|------------|---------|--------||5.|Комендант | 2 | 700 | 1400 ||--|----------------------------------|------------|---------|--------||6.|Вахтер-күзөтчү | 2 | 500 | 1000 ||--|----------------------------------|------------|---------|--------|| |Бардыгы | 8 | | 8500 |----------------------------------------------------------------------- Премьер-министрдин Аппарат жетекчиси - министр Б.Талгарбеков