Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июнундагы № 224 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 10-ноябры № 828 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпыга бирдей аскердикмилдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү ту-уралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министри аталган мыйзам долбооруКыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин палаталарында каралган учурдаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр Н.Танаев Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу 1-статья. "Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпыга бирдей аскердикмилдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1993-ж., № 3, 86-ст.) төмөнкүдөйтолуктоо киргизилсин: 34-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менентолукталсын: "6) кош бойлуулугу 26 аптадан кем эмес аялы барларга.". 2-статья. Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти