КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 555
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 12-ноябры № 835 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ош областынын мурдагы мамлекеттик агро өнөр жай комитетинин администрациялык имаратын жана "Кыргызпочтасынын" Оштогу ишканасынын курулушу бүтпөгөн 80 квартиралуу турак үнүн өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүктөгүбөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чыњдоо максатында Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-мартындагы №111 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрли-гине Ош областынын мурдагы мамлекеттик агро өнөр жай комитетинин адми-нистрациялык имаратын жана "Кыргызпочтасынын" Оштогу ишканасынын куру-лушу бүтпөгөн 80 квартиралуу турак үйүн өткөрүп берүү жөнүндө" токтому-на төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: - 1-пунктунун экинчи абзацы "ээлеп турган 1699,8 км аянттагыбөлмө-жайлар Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынынТүштүктөгү бөлүмүнө аныкталган тартипте бекитип берилсин" деген сөздөрменен толукталсын. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев