Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-декабры № 186
Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын 2020-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылган иштери боюнча отчету
2020-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылган иштери боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХХVI -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевдин 2020-жылдын 1-жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери канаттаандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы айылдардын социалдык абалын жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча чет элдик жана ички инвестицияларды тартуу аркылуу иш жүргүзүүнү аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жана айыл башчыларына тапшырылсын.
3. Айыл чарба жана өнөр жай продукцияларын өндүрүү боюнча элге кызмат кылууну жакшыртуу, инвесторлорду тартуу, капиталдык салымдарды көбөйтүү отчет, учет иштерин жакшыртуу жагы салык инспекторлоруна, статист-экономистке,башкы бухгалтерге милдеттендирилсин.
4. Байбиче-Булак жана Саргата,Үч-Терек таза суу программаларынын 2020-2021-жылдары башталып жаткандыгына байланыштуу аны турмушка ашырууну көзөмөлгө алуу жагы жетекчиликке алынсын.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |