Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 11-декабры № 187
Мектептердин жана бала бакчаларынын жүргүзгөн иштери жана ремонт иштеринин аткарылышы жөнүндө
Мектептердин жана бала бакчаларынын жүргүзгөн иштери жана ремонт иштеринин аткарылышы жөнүндө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХХVI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектептердин, бала бакчаларынын жүргүзгөн иштери жана ремонт иштеринин аткарылышында бир катар иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Дүйнөлүк банктын мектептерди колдоо боюнча гранттарына долбоор түзүп мектептерди капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча иш жүргүзүү жагы мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Мектеп,бала-бакча мекемелеринине бөлүнгөн акча каражаттарынын өз убагында берилишин камсыз кылуу ФЭБ башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |