Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 11-декабры № 188
Маданият үйүнүн, айылдык клуб жана китепканалардын жүргүзгөн иштери жөнүндө
Маданият үйүнүн, айылдык клуб жана китепканалардын жүргүзгөн иштери жөнүндө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХХVI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маданият үйүнүн, айылдык клуб жана китепканалардын жүргүзгөн иштеринде бир катар иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Улуттук чыгармачылыкты өнүктүрүү, элдин каада-салтын, материалдык жана материалдык эмес маданий мурасын сактоо, өсүп келе жаткан муунду атуулдук духта тарбиялоо боюнча китеп көргөзмөлөрүн, диспут, кечелерди өткөрүү жагы клуб жана китепкана башчыларына милдеттендирилсин.
3. Айылдык клубдардын материалдык-техникалык базаларын чындоо, китепканаларды жаңы китептер менен толуктоо боюнча тиешелүү жерлерге
кайрылуу жагы китепкана башчыларына, маданият үйүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |