Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 11-декабры № 189
Жетиген айылындагы каналдын алды жана үстүндөгү жаңы түшкөн көчөгө маркум Акматалиев Мейманбайдын
атын берүү жөнүндө
Маркум Акматалиев Мейманбай 1936-жылдын 1-январында Жетиген айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин, 1956-1958 жылдары аскер кызматын өтөп келген. 1961- жылы Фрунзе шаарындагы автодорожный техникумга кирип ийгиликтүү аяктагандан кийин ,Токтогул райондук РОВДсында эмгек жолун баштаган. 1970-1974 жылдары Өзгөрүш айыл аймагында участковый болуп кызмат өтөгөн. 1974-1978-жылдарга чейин Кетмен-Төбө айыл аймагында жол кайгуул кызматкери,1978-1981 жылга чейин Толук айылында участковый болуп иштеп ардактуу эс алууга чыккан. Бир катар сыйлыктардын ээси,эл арасында кадыр барктуу инсан болгон. 1918-жылы 82 жаш курагында каза болгон. Жетиген айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун негизинде айылдык кенештин кезектеги ХХХVI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жетиген айылындагы Каналдын алды жана үстүндөгү жаңы түшкөн көчөгө маркум Акматалиев Мейманбайдын аты берилсин.
2. Ошол көчөнүн жолдорун ондоого, көчөлөрүн көрктөндүрүүгө, жарыктандырууга жана башка иштерин аткарууга алуу жагы уулу Акматалиев Таалайбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |