Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 11-декабры № 190
Саргата айылындагы ФАПга маркум Жамгырчиев Мыктыбектин атын берүү жөнүндө
Маркум Жамгырчиев Мыктыбек 1930-жылдын 5-майында Токтогул районунун Саргата айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган.
1951-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1954- жылы аскердик мөөнөтүн аяктап келгенден кийин, 1954-жылдан 1958-жылга чейин колхоздо жумушчу болуп иштеген. 1959-жылы Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайына кирип, фельдшердик бөлүмүн 1962-жылы ийгиликтүү аяктаган.
1962-жылы окууну аяктагандан кийин Саргата айылындагы ФАПта фельдшер болуп 1996 жылга чейин эмгектенген. 1996-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Үзүрлүү эмгеги үчүн райондук, областтык жана саламаттыкты сактоо министрлигинин көптөгөн сыйлыктарынын ээси болгон.Саргата айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун негизинде айылдык кенештин кезектеги ХХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саргата айылындагы ФАПка маркум Жамгырчиев Мыктыбектин аты берилсин.
2. ФАПтын жолдорун ондоого, айланасын көрктөндүрүүгө, жарыктандырууга жана башка иштерин аткарууга алуу жагы уул, кыздарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |