Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 11-декабры № 191
Жетиген айылындагы Ала-Көл участогунда жашаган көчөгө маркум Бапышов Досойдун атын берүү жөнүндө
Маркум Бапышов Досой 1933-жылдын 16-январында Жетиген айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин, 1950-1956 жылдары Ош шаарында кирпич чыгаруучу заводдо жумушчу болуп иштеген. 1955-1958-жылдары аскер кызматын өтөп келген. 1959-1961 жылдары Үч-Терек колхозунда мал чарбачылыгында иштеген. 1961-1979 жылдары Токтогул райондук айыл чарба продуктыларын даярдоо канторасында жөнөкөй жумушчу,даярдоочу адис,райондук кампанын башчысы жумуштарында иштеген.1979-1982-жылдары Үч-Терек совхозунун Жетиген айылынын талаачылык жумуштарында, 1982-1996-жылдары Токтогул түштүк суу курулуш мекемесинде комендант, чарба жетекчиси болуп иштеген. Иштеген мезгилдеринде бир катар сыйлыктардын ээси ,эл арасында кадыр барктуу инсан болгон. 1996-жылы ардактуу эс алууга чыккан. 2011-жылы 78 жаш курагында каза болгон. Жетиген айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун негизинде айылдык кенештин кезектеги ХХХVI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жетиген айылындагы Ала-Көл участогунда жашаган көчөгө маркум Бапышов Досойдун аты берилсин.
2. Ошол көчөнүн жолдорун ондоого, көчөлөрүн көрктөндүрүүгө, жарыктандырууга жана башка иштерин аткарууга алуу жагы уулу Бапышов Жоодарбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |