Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 11-декабры № 192
Жетиген айылындагы Ак-Жар участогунда Убайдылдаев Майрамбектин тамынан Өмуркулов Шүкүрбектин тамына чейинки көчөгө маркум Бапышов Кошойдун атын берүү жөнүндө
Маркум Бапышов Кошой 1927-жылдын 12-апрелде Жетиген айылында туулган. 1937-жылы Ак-Жар башталгыч мектебине кирип, 1941-жылы 4 классты латын тамгасы менен окуп бүтүргөн. 1943-жылы комсомолго өтүп, 1944-1943 жылдары колхоздо табелчи, комсомол комитетинин секретары болуп иштеген. 1948-жылы райондук айыл чарба бөлүмүндө секретарь болуп иштеген. 1954-жылы Оштогу айыл-чарба техникумун бүтүргөн. 1955-жылы Токтогул колхозунда, 1956-жылы 8-март колхозунда агроном, 1957-1959 жылдары 8-март колхозунда ферма башчысы, 1959-жылы сүт пунктунун бригадири,1960-1961-жылдары партиялык уюмдун секретары, 1961-1983-жылдары № 6 бөлүмдүн башкармасы,1985-1987 жылдары КРСтин башчысы болуп иштеген. Иштеген мезгилдеринде бир катар сыйлыктардын ээси ,эл арасында кадыр барктуу инсан болгон. 1987-жылы ардактуу эс алууга чыккан. 2016-жылы 89 жаш курагында каза болгон. Жетиген айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун негизинде айылдык кенештин кезектеги ХХХVI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жетиген айылындагы Ак-Жар участогундагы Убайдылдаев Майрамбектин тамынан Өмүркулов Шүкүрбектин тамына чейинки жашаган көчөгө маркум Бапышов Кошойдун аты берилсин.
2. Ошол көчөнүн жолдорун ондоого, көчөлөрүн көрктөндүрүүгө, жарыктандырууга жана башка иштерин аткарууга алуу жагы уулу Кошоев Абдылдабекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |