Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 11-декабры № 193
Такталык айылындагы бир көчөгө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Үмөтөв Сабырбайдын атын берүү жөнүндө
Маркум Үмөтөв Сабырбай 1920-жылы Такталык айылында туулган. 1928 жылдан баштап Такталык айылындагы башталгыч мектебинде окуган.1941-жылы Улуу Ата-Мекендик согушка аттанып, 1944- жылы жарадар болуп кайтып келген.
Согуштан келгенден кийин 1945- жылы Такталык айылындагы башталгыч мектепке мугалим болуп 1955-жылга чейин иштеген. 1955-жылдан тартып 1978-жылдарга чейин Үч-Терек совхозунда талаачылык бригадири болуп иштеген. Иштеген мезгилдеринде бир катар сыйлыктардын ээси ,эл арасында кадыр барктуу инсан болгон. 1978-жылы ардактуу эс алууга чыккан. 2006-жылы 86 жаш курагында каза болгон. Такталык айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун негизинде айылдык кенештин кезектеги ХХХVI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Такталык айылындагы бир көчөгө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Үмөтөв Сабырбайдын аты берилсин.
2. Ошол көчөнүн жолдорун ондоого, көчөлөрүн көрктөндүрүүгө, жарыктандырууга жана башка иштерин аткарууга алуу жагы уулу Үмөтөв Аттокурга милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |