Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 11-декабры № 194
Кыргыз Республикасынын мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору аркылуу келген атайын техникаларга (сеялка,роторная косилка) ОсОО «Агро-Түрк» фирмасына жайыт комитеттин өздүк счетунан акча которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 2 долбоору аркылуу келген буудай себүүчү сеялка, чөп чапкыч (роторная косилка ) атайын техникаларга жамааттык салым үчүн 67851 (алтымыш жети миң сегиз жүз бир) сом жайыт комитеттин өздүк 1350530033914150 счетунан акча которуу боюнча жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевдин билдирүүсүн жана сунушун талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХХVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 2 долбоору аркылуу келген буудай себүүчү сеялка, чөп чапкыч (роторная косилка ) атайын техникаларга жамааттык салым үчүн 67851 (алтымыш жети миң сегиз жүз бир) сомду жайыт комитеттин өздүк 1350530033914150 счетуна которулуп берилсин.
2. Атайын техникаларга жамааттык салымды ОсОО «Агро-Түрк» фирмасына акча которуу жагы жайыт комитетинин бухгалтери Жапаралиева Розага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарууга алуу жагы жайыт комитетинин төрагасына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Акаев |